Бишкектеги УКМКнын алдында Абдил Сегизбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Митингге чыккан 20 чакты адам анын бошотулушун талап кылууда.
УКМКнын мурдагы төрагасы жана президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Абдил Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон. Кийин башкы прокурор Курманкул Зулушев ага 6 кылмыш иши козголгонун айткан болчу.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.
Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле.