Шейшемби, 17.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Уулумду жер төлөгө чакырып жүрүшүптүр». Оштогу окуучунун апасы Акыйкатчыга кайрылды

15:38 02.09.2025
0
«Уулумду жер төлөгө чакырып жүрүшүптүр». Оштогу окуучунун апасы Акыйкатчыга кайрылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Акыйкатчы институтуна 38 жаштагы Ош облусунун тургуну кайрылып, 2012-жылы туулган уулунун укугун коргоп берүүнү өтүнгөн. Уулу Ломоносов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу. Анын айтымында уулу 2024-жылдын сентябрь айынын тарта 8-класстын 2 окуучусу тарабынан коркутууларга кабыл болгон. Өспүрүмдөр баланы бычак жана кастет менен коркутуп, мектептин жер төлөсүнө чакырып алып, акча талап кылып келишкен. Бала окууга жана спортко болгон кызыгуусун жоготуп, футболго да баргысы келбей калган.

“Менин уулумду жада калса сабак учурунда да чакырып, тамак-аш алып берүүгө мажбурлашкан. Мен баламдын телефонуна “Ата-энин көзөмөлүн” орноткондон кийин жазышканын окуп, уулумдан коркутуп акча алып жатышканын түшүндүм. Балам акчаны электрондук капчыгына которуп жана накталай да берип жүрүптүр”, — деди аял.

Аял мектеп администрациясына кайрылганы менен эч кандай чара көрүлбөй, уулунун коопсуздугу камсыздалган эмес. Укук коргоо органдары аялдан арыз кабыл алганы менен жашы жете электер менен иштөөчү инспекция да эч кандай иш алып барган эмес.

Жамиля Жаманбаева Агартуу министрлигине жана ИИМге бул окуя боюнча укуктук баа берүүгө, мектеп жетекчилигинин, жашы жете электер менен иш алып барган инспекциянын жоопкерчиликсиз мамилесине баа берүү өтүнүчү менен расмий кат жолдогон. Министрлик мектеп директоруна сөгүш жарыяланганын билдирди. ИИМ текшерүү жүргүзүп, мектептеги рэкетчилик фактылары ырасталганын маалымдады.

Жашы жете элек өспүрүмдөр акча талап кылышканын моюнуна алышкан. Бирок жаш курагына байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес. Өспүрүмдөр жашы жете электер менен иш алып барган инспекциянын каттоосуна алынып, алардын ата-энелерине «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 102-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Жабыркаган баланын апасы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин кайра кароону суранып, шаардык сотко арыз берген.

Тергөө судьясы анын арызын жарым-жартылай канааттандырып, Ош ШИИБинин Сулайман-Тоо РИИБинин тергөөчүсүнүн мектеп рэкетине кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимин негизсиз деп таап, аны аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга милдеттендирген. Бирок кийин балдардын ата-энелери элдешүү келишимине келип, арызын артка чакырып алышкан.

Акыйкатчы Институтунун 2024-жылдагы докладына ылайык, балдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу, анын ичинде зомбулук жана буллинг фактылары боюнча 54 кайрылуу катталган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жылдын башкы интригасы ачылды: MBANK берген батирди ким утту?

Жылдын башкы интригасы ачылды: MBANK берген батирди ким утту?

Автор Эдита Ильясова
13:03 17.02.2026
0

Бишкекте жылдын эң ири банктык акцияларынын бири жыйынтыкталды. 15-февралда «Азия Молл» соода борборунда MBANK’тын «Байгелер марафону» акциясынын жыйынтыгы чыгарылды. Башкы...

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:39 17.02.2026
0

Бүгүн, 17-февралда "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов УКМКнын мурдагы төрагасы чет өлкөгө чыгып кеткенин маалымдады. Ал 13-февралда Бишкекке учуп келген...

Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:09 17.02.2026
0

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн бир окуу жылынын ичинде нормативдик тартипте 30 календардык каникул күнү каралган. Мурунку...

Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 17.02.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана...

Конституциялык сот президенттин сунуштамасын кароого киришти

Конституциялык сот президенттин сунуштамасын кароого киришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:44 17.02.2026
0

Бүгүн, 17-февралда саат 10:00дө Конституциялык сот президенттин Конституциянын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти. Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президент: «Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун»

Президент: "Мен эч бир жакынымды мамлекеттик жогорку кызматтарга жолоткон жокмун"

14:54 16.02.2026
Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

Жогорку Кеңештин комитетинде УКМКнын төрагасын жана үч министрди дайындоого макулдук берүү маселелери колдоо тапты

11:06 17.02.2026
Бишкекте эт жана социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө

Бишкекте эт жана социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддер өткөрүлүүдө

09:45 17.02.2026
MBANK объявил победителей «Марафона призов»: подводим итоги крупнейшего финтех-проекта года

MBANK объявил победителей «Марафона призов»: подводим итоги крупнейшего финтех-проекта года

13:03 17.02.2026
Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

Камчыбек Ташиев чет өлкөгө убактылуу чыгып кетти

11:39 17.02.2026
Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

Окуучуларга бир жылда 30 эс алуу күнү каралган

11:09 17.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү