Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов Бостери айылындагы «Алтын Кум» эс алуу борборунун аймагында жайгашкан участкалык милиция пункттарынын ишмердүүлүгүн текшерип, кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине саптык кароо өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Боронов 1-июлда Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда үч кыздын өмүрүн сактап калган милициянын старшинасы, кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери Сыймык Токтогул уулунун ыкчам жана кайратман аракетин өзгөчө белгилеп өттү. Ал көрсөткөн кызматтык эрдиги үчүн Ысык-Көл ОИИБ тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.