Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 3-мартта саат 12:05те Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.










