Пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусундагы Ноокен РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-мартта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айылынан майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга, анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү боюнча арыз ээсинен 12 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ноокен РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны жана дагы бир жаран кармалган.
Кармалган милициянын капитаны жана экинчи жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.