3-июнга чейин Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. «Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.