Бишкекте адам өлтүрүү, адам уурдоо жана мыйзамсыз курал-жарак сактагандыгы үчүн чет өлкөдө бир нече жолу соттолгон чет элдик жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-февралда «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагындагы видео байкоолордун жардамы менен оор кылмыштарды жасаган, Интерпол издеп жаткан 1965-жылы туулган А.К. аттуу чет элдик жаран кармалган.
«Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери улантылууда», — деп жазылат маалыматта.