Ак-Босогодо мас абалындагы айдоочу велосипед тээп бара жаткан кишини сүзүп кеткен (видео)

Кечээ, 29-майда социалдык тармактарга видео тараган. Видеодо кызыл түстөгү унаа велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кеткени тартылган. Окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматы маалымат берип, жол кырсык 24-майда Ак-Босого жаңы конушунда катталганын билдиришти.

«Саат 16:10 чамасында 1987-жылы туулган айдоочу Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен батыш тарапты көздөй бара жатып, Архитектурный көчөсүнүн кесилишинен бир багытта велосипед тээп бара жаткан жаранды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен велосипед менен бара жаткан 1970-жылы туулган жаран бутунун жаракат алып, 4-шаардык ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми айдоочунун унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардык материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилген. Текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экени аныкталган.