Аксы районунда көпүрөнүн жээктерин суу алып, ошол убакытта көпүрөдөн өтүп бараткан унаа дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигингин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-майда саат 22:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен Кожо-Ата дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Кара-Жыгач — Сары-Челек унаа жолунун 17-чакырымында (Жылгын айылы) көпүрөнүн жээктерин жууп, авариялык абалга келтирген (атайын белгилери орнотулуп, көпүрө жабылган). Ошондой эле суу Жол-Сай айылындагы ички чарбалык көпүрөнүн жээктерин жууп авариялык абалга келтирген, көпүрө аркылуу жол жабылган. Ошол убакытта көпүрөдөн өтүп жаткан “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа дарыяга кулап түшкөн. Жабыркагандар жок. 11-май түнү тартылган күчтөрдүн жардамында тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жана дарыяга кулап түшкөн унаа чыгарылган.
Мындан тышкары, кечээ, 11-майда саат 22:30 чамасында Кара-Суу айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары Топ-Жаңгак — Кызыл-Көл унаа жолунун кум-шагылга толтуруп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жараткан. Жерине ӨКМдин Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, жергиликтүү тургундардан 40 адам жана жеке менчик 1 даана “Газ-66” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа тартылды.
Бүгүн,12-май күнү иш-чаралар улантылууда.