Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы суу сактагычка 14 жана 15 жаштагы кыздар чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин 1 кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан табышып, чыгарып коюшкан. Ал эми экинчи кыздын жансыз денесин куткаруучулар суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.