Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Аламүдүндө бир нече кылмышка шектелген жаран кармалганын билдиришкен.
Аламүдүн РИИБге жаран кайрылып, 19-майда анын таанышынын атынан кат жазып, Көк-Жар айылына барганда аны сабап, тишин түшүрүп, окуяны видеого тартып, «мунун баарына өзүм күнөлүүмүн» дедирткен адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, бейбаштык менен кылмыш иши козголгон.
Кийин 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Аталган жарандын 2023-жылдын февраль айынан бери өзүнүн кесиптешин шантаж кылып, ага турмушка чыгуусун талап кылып жүргөн. Ошондой эле февраль айында Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылган.
Бүгүн, 2-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон кылмыш иш токтотулганын билдиришти. Маалыматка караганда, тараптардын жарашуусунун негизинде кыз тосмо арыз жазып берген. Шектүү сот залынан бошотулган.