Ош облусунун Араван районунда 2 баланыны апасы? 23 жаштагы келин асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакыны билдирди.
Маалыматка караганда, келин үй-бүлөдөгү 8 бир туугандын төртүнчүсү болгон. 19 жашында турмушка чыгып, 2 балалуу болгон. Баласынын улуусу 3 жашта, кичүүсү 6 айлык.
«Баткен мамлекеттик университетинин чет тилдер (англис тили) факультетинин бюждет бөлүмүн окуп жүрдү. Баласын колуна көтөрүп, сабакка барган учурлары болду. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн бир тууган инисине айткан экен. Бирок ал мектеп окуучусу болгондуктан түшүнбөгөн болушу мүмкүн. Окуу жайда окуп жүргөндө менин үйүмдө жашап калды, жаркылдаган, тартиптүү кыз болчу»,- деди жакыны.
Бул окуя боюнча Ош облустук милициясы маалымат таратып, бул факты Араван РИИБге каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.