Сабалган жоокердин энеси: «Балам операциядан кийин эсине келе албай жатса, командири «көптү айтпа» дептир»

Бүгүн, 8-июнь күнү ӨКМнын аскер бөлүгүндө кызматында кызмат өтөө учурунда сабалган Бекзат Эсенбаевдин апасы жыйын учурунда айрым маалыматтарга токтолуп, ӨКМ кызматкерлерине суроолорун узатты.

«Балам коркуп калгандыктан көп нерсени айтпай калыптыр. Кечээ айтат, чачын алдырганда башына антисептик сээп туруп, ширеңке чагып чуркатыптыр. Мени энелер угуп жатса керек, уулуңду ушундай кордоп жатышса, кантиш керек? Кантип ушундай нерселерге жол бересиңер?» — деди Алмакан Исмаилова. 

Андан соң «Бекзаттан кабар алдым» деген Аскер бөлүгүнүн командири Рысбек Жолдошбаевге кайрылып: «Уулумду операция жасаганы жатышат дегенинен Таластан жетип келдим. Бактияр дегенине чалып, ӨКМдан эч ким келбей жатат деп өзүм байланышкам. Операция бүткөнгө чейин эч ким келген жок. Операциядан чыкканда эртең менен реанимацияга кирип, эсине келе албай жатса да, силер «көп нерсени айтпа» деп айтып чыгыптырсыңар. 

Аскер формасындагы шымынын тигилген жерин буту шишип, батпай калганда сөгүшүптүр. Ошол нерсени кантип көргөн жоксуңар?» — деп кайрылды Алмакан Исмаилова.