Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары жана лаборанты узак убакыт бою рентген аппаратынын кызматы үчүн жарандардан акча алышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары жана лаборанты Саламаттыкты сактоо министринин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин программасын бекитүү жөнүндө» буйругун бузуу менен узак убакыт бою жеке баюу максатында жарандардан рентген аппаратынын кызматы үчүн акча чогултуп келишкен. Рентген аппаратынын баасы түрүнө жараша 291 сомдон 496 сомго чейин болгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жана Баткен облусунун тергөө судьясы тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын алкагында жогоруда аталган оорукананын кызматкерлери тарабынан мекеменин кассаларын айланып өтүү менен жарандардан акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган адамдардын мындан аркы мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында, 15-февралда Баткен облустук ооруканасынын директорунун орун басары жана лаборант кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.