Кыз ала качууга шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
5-октябрда саат 19:15 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБге шаардын көп кабаттуу үйүнүн алдынан кызды үч жаран күч колдонуп, ак түстөгү Дэу Ланос үлгүсүндөгү унаага салып, алып качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Маалымат түшкөн замат Кызыл-Кыя ШИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштерине даярдык башталган. Окуяга байланыштуу шаар аймагына “Курчоо” планы киргизилип, тиешелүү шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар таратылган.
Ыкчам тергөө тобунун иш-аракеттеринин негизинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары алдын ала сүйлөшүп, 18 жаштагы кызды ала качууга барышканы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган үч жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып токтотуучу жайга киргизилди.











