Баткенде батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды

Кечээ, 28-мартта Кадамжай районундагы батирлердин биринин ичинен 80-85 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМдин №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары Киров көчөсүндөгү №2 үйдүн жабылып калган эшигин ачканда, батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар сөөктү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.