Өзбек жараны алтын жалатылган жезди алтын зер буюмдар катары сатканга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Балыкчы шаарында алтын жалатылган жезди алтын зер буюм катары алдоо жолу менен сатып жүргөн 45 жаштагы Өзбек жараны Орусиянын Оренбург облусунда кармалып, Кыргызстанга өткөрүп берилди. Өткөн жылдын октябрь айында милицияга арыз менен 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Аял өз арызында “Кербен” шаардык базарында аял ага бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаганын жана бардык алтын зер буюмдарын 130 миң сомго баалаганын көрсөткөн. Сатуучу аялга 62 миң сом төлөп, калган акчаны алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенде, сатуучу аял белгисиз тарапка кетип калганын байкап, сатып алган алтын зер буюмдарын текшергенде, алар алтын жалатылган жез болуп чыккан. Аталган факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү такталган. Ал Өзбекстандын 45 жаштагы жараны болуп чыккан жана шектүү жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу шектүү жаран мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган. Учурда шаардык сот тарабынан кармалган жаранга карата баш коргоо чарасы — тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алуу чечими кабыл алынды.
Балыкчы шаарынын милициясы бардык жарандарды өзгөчө бейтааныш адамдардан, же интернет аркылуу баалуу алтын зер буюмдарын сатып алууда этият болууга чакырды.







