Бишкекте 16-февралда саат 12:00 чамасында айдоочу көчөдө 12 жаштагы өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 17 жаштагы айдоочу кызды Салиева-Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде “Нива” унаасы менен коюп кеткен. Өспүрүм кыз бир нече жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Аталган факты реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалган. Унаа айып аянтчасына киргизилген.