УКМК тарабынан эл аралык героин каналы жабылып, 175 килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК атайын операциянын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө оор героин баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында жалпы салмагы 174 килограмм 800 грамм героин баңги каражаты табылган. Кыргызстандын аймагында баңгинин баасы 130 миллион сомдун тегерегинде, Европа өлкөлөрүндө баасы 600 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн.