Бишкекте 59 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруучулар Бишкектеги Табалдиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1963-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.