Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Сверлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-июнда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 13:00 чамасында Бишкектеги Жибек Жолу менен Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде аны унаага күч менен салып, коркутуп, 23 миң сомун тартып алганын билдирген.
Аталаган факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1998, 1995 жана 1987-жылы туулган жарандар кармалды.