«Дордой» тарапта Subaru Forester машинасынын айдоочусу милиция кызматкерин капотто сүйрөп кеткен видео тарады.
«Унаа катуу жүргөндүктөн кызматкердин кепкасы да учуп кеткен», — дейт видеонун автору.
Кечээ, 4-сентябрда укук коргоо кызматкери анын жол жээгинде мыйзамсыз бензин сатып жатканын байкап калган. Милиция кызматкеринин мыйзамсыз сооданы токтотуу талабын аткарбай, из жашырып кетем деп аны сүзүп, капотунда сүйрөп кеткен. Айдоочу бүгүн, 5-сентябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү” беренеси боюнча иш козголду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram