Бишкекте зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга аял киши кайрылып, кошунасы 1-январда саат 05:00-06:00 чамасында аны зордуктап салганын айткан. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Соттун чечими менен 2 айга камалды. Тергөө уланууда.