Бишкекте кызды сүзүп кеткен айдоочу 1 айдан кийин кармалды (видео)

Бишкектин Рыскулов менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 1-сентябрда саат 3:30да катталган. Натыйжада 21 жаштагы кыз жаракат алган. Ал ооруканага жаткырылган.

Бир айдан кийин 32 жаштагы Hyundai Solaris айдоочусу кармалган. Унаа убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.