Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
8-декабрь күнү милицияга жаран арызы менен кайрылып, эки жарандын үстүнөн чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби ушул жылдын жай мезгилинде жабырлануучунун ишеничине кирип алдоо жолу менен ага таандык болгон Land Rover жана Rаnge Rover үлгүсүндөгү унааларын алып, 35 миң долларды түзгөн өтө ири өлчөмдө материлдык чыгым келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган 2 жаран аныкталып, кармалды.