УКМК интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобу колго түшүрүлдү. Мындан кийин сойкулукту уюштурууга шарт түзгөн сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана оюн-зоок жайларынын ээлери жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматына ылайык, укук коргоо органдарынын системалуу түрдө сойкулукка каршы күрөшүүсүнүн натыйжасында, коомубуздагы буга окшогон терс көрүнүштөр азайтылды. Бирок алардын ишмердүүлүгү сауналардын, мейманканалардын, жеке батирлердин жана жеке оюн-зоок мекемелеринин ээлеринин кызыкчылыгы аркылуу уланып келүүдө.
21-июнда Бишкек шаарынын аймагында мурда аныкталган сауналарда, конок үйлөрүндө, жеке менчик батирлерде ири өлчөмдөгү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 50дөн ашык кыздардын интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган. Тергөө маалында кармалган кыздардын баары интимдик кызматтарды жана сойкуканаларды уюштургандарга карата көрсөтмөлөрдү беришкен.
Натыйжада, интимдик кызматтын жана сойкуканалардын уюштуруучулары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алар:
1987-жылы туулган К.А.А. КР жараны, социалдык тармактар аркылуу элиталык интимдик кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу;
1975-жылы туулган М.Э.М. КР жараны, «Инь Янь», «Банный двор», «Кристалл» сауналарынын жана «Рандеву» конок үйүнүн кожоюну;
1995-жылы туулган П.Л.Е. КР жараны, «Инь Янь» саунасынын администратору;
1990-жылы туулган К.Н.В. чет өлкөнүн жараны, «Guest House» саунасынын администратору;
Интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга карата административдик айыптар салынып, Бишкек ШИИБдин тиешелүү каттоо тизмесине алынды.