Опузалап пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мектепке чейинки, жалпы, орто кесиптик жана жогорку билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча УКМК тарабынан ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча каражаттарынын бир бөлүгүн алууда Бишкектеги Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы жана окуу жайдын окутуучусу кармалды.
Тергөө тарабынан окутуучу накталай жана мобилдик тиркеме аркылуу 20 миң сомдон ашык өлчөмдөгү акча каражаттарын алгандыгы катталган.
Кармалган жаран тергөө алкагында УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми окутуучу эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.