Кечээ, 27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда УКМК тарабынан пара алууга шектелип кармалган Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулунун бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 25-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.
Сагындык уулу УКМКнын кызматкерлери тарабынан жол реконструкцияланып жаткан Линейнаядагы кафени демонтаждоо маселесин чечүүгө катышкан деген шек менен кармалган.