Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун кармалганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Сазыкулов шаардагы транспорт жана курулуш иштерине жетекчилик кылат.
УКМК азырынча маалымат бере элек.