Шейшемби, 11.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Чекесинде буттун изи бар, башынын арты жумшак, колу кайрылган абалда болгон». Эжеси асынды делген келинди жууп жаткандагы учурду айтып берди

10:02 29.12.2021
0
«Чекесинде буттун изи бар, башынын арты жумшак, колу кайрылган абалда болгон». Эжеси асынды делген келинди жууп жаткандагы учурду айтып берди

2019-жылдын апрель айында өз үйүндө асынып каза болду делген келиндин ата-энеси жана жакындары сотторго нааразы болуп, 28-декабрь күнү АКИпресс-Ошто маалымат жыйын курушту. Алар Кара-Суу райондук соту жана Ош облустук соту күйөө баласына аз мөөнөттө жаза чектегенине нааразы болушту. Бул тууралуу Турмуш жазып чыкты.

Маркум келиндин атасы Кылычбек Юсупбаевдин айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, кызы сабалганы маалым болуп турса да, сот адилеттүү чечим чыгарган жок. «Мен дыйканчылык кылып жашайм. 11 жашымдан жетим калып, окуган эмесмин. Кой багып чоңойгон баламын. Ошондуктан мындай нерселерди жакшы билбей, уттуруп жатабыз. Эгер билимдүү болгондо, ушундай иштерге жол бербейт болчумун. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Бир эмес, 3 экспертизанын жыйынтыгы бар. Кара куш мээге урган, дагы башка жерине урганы боюнча экспертизада айтылган. Ошого карабастан райондук сот, облустук сот туура эмес, адилетсиз чечим чыгарды. Менин акыркы үмүтүм Садыр Нуркожоевичте калды. Урматтуу президент, биздин ишти адилеттүү карап бериңиздер», — деди ал.

Ал эми Кылычбек Юсупбаевдин бир тууган эжеси Турду Юсупбаева маркум келиндин денесин жуу жөрөлгөсүндө катышкан. Ошол убакта анын денесинде көк ала тактар байкалганын айтат. «Кыздын денесин алып барганда, мен бар элем. Бешенесинде буттун изи бар эле. Чачтарынын арасында да көк ала тактар бар болчу. Эч ким унчукпаганынан улам мен да унчукпай, ошо кезде тополоң кылып, шерменде болбоюн деп кала бергем. Башынын артын кармасам жумшак болуп калыптыр. Эмне үчүн мындай жумшак деп таң калып койдум эле. Көп жеринде көк ала тактар бар эле. Бир колу артка кайрылган боюнча түз болбой калыптыр», — деди ал.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдиргендей, Жазык кодексинин 136-беренесинин 3-бөлүгү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен айыпталуучу Султангазы Арыстанбековдун иши Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынып, 2021-жылдын 30-июнунда өкүм чыккан. Ал өкүм менен айыпталуучу Жазык кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүмү (этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. 2020-жылдын 8-майындагы “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс” жөнүндө мыйзамынын негизинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасынан бошотулган. Аталган өкүм менен макул болбогон жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ош облустук сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Ош облустук сотунун 14-декабрдагы өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун 30-июндагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. 27-декабрда Жогорку Сотко жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү даттануу жазган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
13:05 11.11.2025
0

6-ноябрда Бишкек ШИИБге У.А. аттуу жаран кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн УКМКнын, Улуттук банктын, Антикоррупциялык кызматтын жана ИИМдин тергөөчүсү...

Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:24 11.11.2025
0

Чаткал районунун Жер-Капчыгай айылында күйөөсү аялын сабаганга шеткелүүдө. Күйөөсүнөн кордук көргөн келиндин сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады. Маалыматка ылайык, келин 41...

Чокуда бутун кокустатып алган турист куткарылды

Чокуда бутун кокустатып алган турист куткарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
20:54 09.11.2025
4

Чокуда бутун кокустатып алган орусиялык 29 жаштагы турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Турист “Хижина Рацека” лагеринде бутун оорутуп алып,...

Депутаттыкка талапкер аялы менен жазышкан  делген жаранга балта менен кол салууга  шектелип кармалды

Депутаттыкка талапкер аялы менен жазышкан делген жаранга балта менен кол салууга шектелип кармалды

Автор Айзада Тураркулова
09:47 07.11.2025
0

Депутаттыкка талапкер аялы менен жазышкан делген жаранга балта менен кол салууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы...

Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти

Сары-Кыр ашуусунда унаасы менен калган жарандын жансыз денеси табылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
17:17 06.11.2025
0

Сары-Кыр ашуусунда унаасы менен 5-ноябрда калып калган жарандын сөөгү бүгүн, 6-ноябрда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз кызматы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

13:05 11.11.2025
Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

Чаткалда күйөөсү аялын сабаганга шектелүүдө

12:24 11.11.2025
Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

12:31 11.11.2025
Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

16:53 11.11.2025
Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте 7,5 млн сомдук киберкылмышка шектелип эки жигит кармалды

13:05 11.11.2025
Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

Эртең Манас шаарында эл аралык футболдук турнир башталат

12:31 11.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү