Кечээ, 9-октябрда Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 16:30 чамасында Хундай-Соната унаасынын 1985-жылы туулган айдоочусу Калинин – Жон-Арык жолунун 4-чакырымында бара жатып, рулду башкара албай, бакты катуу сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.