Екатеринбург шаарынын полициясына Кыргызстандын 31 жаштагы жаранын уурдап кеткени боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу eanews.ru басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, уурдалган адамдын энеси 8-майда эртең мененки саат 8:30да Амундсен аялдамасында белгисиз адамдар уулун күч менен унаага салып кетишкенин айткан. Эртеси уулу уурдагандардын буйругу менен телефондон чалган. Ал ата-энесине аны бошотуу үчүн 150 миң рубль которуш керектигин айткан.
Басылманын маалыматы боюнча, учурда маалыматтын тактыгы текшерилүүдө. Милициянын материалдары тергөө комитетине өткөрүлүп берилген.