Экс-вице-премьер Эльвира Сурабалдиева экинчи ирет суракка чакырылды

Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Сурабалдиева ИИМге өткөн жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча суракка чакыртылган. Анын айтымында, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, массалык башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондон бери октябрь окуясынын миңдей активдүү катышуучулары суракка алынган. «Менден эмнени каалашты? Октябрь окуяларына карата көз карашымды сурашты. Өзгөчө кошо турган деле нерсе жок болчу, болгону ошол күндөрдөгү сөзүмдү жана аракеттеримди ырастадым», — деп жазган саясатчы.

Буга чейин Эльвира Сурабалдиева «Кумтөр» иши боюнча прокуратурага сурак берип чыкканын билдирген эле.