Сокулукта 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
5-сентябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Комсомол айылынын 9-классынын окуучусу 2009-жылы туулган Э.А. аттуу окуучу каза болуп калгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факты Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук РИИБдин Тергөө кызматына Э.А. аттуу баланын класташтары жеткирилип, социалдык кызматкерлердин катышуусунда сурак жүргүзүлгөн. Сурактын жүрүшүндө 5-сентябрь күнү Комсомол айылынын 9-классынын окуучуларын 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала чогултуп, Э.А. аттуу баланы ичке чапканы аныкталып, анын кесепетинен окуучу өзүн жаман сезип, каза болгону белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.