Жалал-Абад облусунда 633 миллион сомдон ашык суммага бааланган “гашиш» баңги заты аныкталып, алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. 23-июль күнү саат 20:40 чамасында Базар-Коргон районунун Акман талаасында баңгизат сатууга аракет кылып жаткан үч жаран кармалган. Алардын ВАЗ-2107 жана ВАЗ-2106 үлгүсундөгү унаасынын ичинен ооган тектүү «гашиш» баңгиз аты бар полимердик пакет алынган, анын таңгагы менен салмагы 1 килограмм 29 граммды түзгөн.
Жогоруда аталган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар 633 миллион 864 миң сом пайда көрүүнү көздөшкөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кытайдын 39 жаранын Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин...
Мектептин айланасында окуучулардын тынчын алган жаран аныкталды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 15-май күнү болжол менен саат 19:50 чамасында...
Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөөгө бүгүн, 16-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички...
Чүй облусунун милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Милицияга жаран кайрылып, Лебединовка айылындагы...