Жалал-Абад облусунда баңгизатты мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизатка каршы күрөшүү максатында «Транзит» аталышындагы иш-чара өткөрүлгөн.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Көл шаарында баңгизатты мыйзамсыз саткан деген шек менен 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда аталган жарандын үйүнөн өзгөчө жыты бар 48 даана таңгак заттар табылган. Ал 465 граммды түзгөн гашиш экендиги аныкталган.
«Мындан сырткары, 18-февраль күнү аталган аймакта 1987-жылы туулган О.Б. аттуу жарандын жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, сарайынан жалпы салмагы 83 граммды түзгөн гашиш жана марихуана баңгизаты табылган. Ошондой эле, 20дай ок-дарылар да табылган.
Ал эми 19-февралда ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө кызматтык атайын издөөчү иттердин жардамы менен салмагы 6 килограмм 223 граммды түзгөн марихуана табылган. Аталган тинтүү Токтогул шаарында жүргүзүлгөн. Гашиш учурда Ош шаарында жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын үйүнөн табылган.
Жалал-Абад облусу боюнча табылган баңгизаттардын жалпы саны 6 килограмм 771 граммды түзөт»,- деп жазылат маалыматта.