Милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 23-ноябрга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү автоунаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен шаардын дагы 6 тургуну милицияга кайрылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын 1998-жылы туулган эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан айрым милиция кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын денесине залакат...
Буга чейин Башкы прокуратура маалымат таратып, Бишкекте апасынан тартып алынган 4 айлык наристе чарчап калганын билдирген. "8-апрелде С.Н. өзүнүн багып алган төрт...