Токтогул милициясы мал уурулукка шектелген 4 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Токтогул РИИБге 30 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, 23-ноябрда базар баасы 75 миң сомдук 1 баш букасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун 1962, 1973, 1975 жана 1984-жылы тулган жарандар кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жарандардын мындан башка дагы 4 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.