Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКга Юсупов Абдулла аттуу жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн. Ага ылайык, буга чейин мародерчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон, 1982-жылы туулган Юсупов Абдулла өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашыруу үчүн Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, Сузак районунун бай жарандарынын ишенимине кирип, алардын тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, үчүнчү жактарга кайра сатып жүргөн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында маалым болгондой, Юсупов Абдулла УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерин, жерлерин тез аранын ичинде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлап, кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаларды өз кызыкчылыгына иштеткен.
Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Юсупов Абдулла жана анын шериктери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Юсупов Абдулланын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаты, ошондой эле жарандардын жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери табылып, алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.