«Женго» тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандан качып бара жатканда кармалды

Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2-сентябрда мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында «Женго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде ал укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.