УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик системасындагы коррупциялык схемаларды жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызмат адамдарына жана аткаруучу жетекчилерине карата – автобустарды, атайын техникаларды жана башка буюмдарды алып келүү боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү коррупциялык фактысы боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын кызмат адамдары материалдык пайда табуу максатында Кытай өлкөсүндө чыгарылган 17 автобусту жогорулатылган баада сатып алышкан.
Жүргүзүлгөн аудиттик текшерүү иштеринин натыйжасында, автобустарды сатып алуудан мамлекеттик бюджетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталган.
30-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кара-Балта шаарынын мэри жана «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген 1 миллиард сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу ишканалардын биринин жетекчиси, мыйзамсыз түрдө блогерлерди жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган.
Тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, айрым блогерлер тарабынан акчалай сыйлык алуу үчүн чагымчыл аракеттерди уюштуруу жана УКМК кызматкерлерине карата болгон шантаж жасоо аракеттери катталган. Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде «Плаза» аткаруучу ишканасынын жетекчиси, 3 блогерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.