Кара-Сууда мыйзамсыз жол менен 2,4 миллион сомду кымырып алган деген шек менен айыл өкмөттүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Алар которууларды кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ош облусунун прокуратурасы Кара-Суу районунун Ынтымак (мурдагы Кызыл-Суу) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүсүндө мыйзамсыз аракеттерди аныктаган.
«2023-жылдын февралынан баштап 2024-жылдын январына чейинки мезгил ичинде айыл өкмөттүн кызматкерлерине айлык акы катары көрсөтүү менен жалпы 2 миллион 402 миң 877 сомдук акча каражатты мыйзамсыз которушкан», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.