Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыз талаадагы унаадан табылган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош облустук соту менен байланышканыбызда, шектүүгө Кара-Суу райондук соту өкүм чыгарганын билдиришти.
«Кара-Суу райондук сотунун 14-августундагы өкүмүнүн негизинде Э. уулу З. Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү, 165-беренесинин 4-бөлүгү 1-пункту жана 155-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган.
Э. уулу З. Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 (эки) жылга, Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгү 1-пункту менен мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, Кылмыш-жаза Кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, Кылмыш-Жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло Э.уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү кɵрсɵтүлгɵн», — деп айтылат маалыматта.
- 15-апрель күнү милицияга Ош облусунун 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрелде эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суу районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.
- Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган.
- Кыздын атасы Т-Медиага маалымат берген. Нурланбек Абдырахмановдун айтымында, кызын саат таңкы 5 менен 6нын ортосунда намаздан кийин алып чыгып кеткен. «Үйдө жаткан боюнча көтөрүп кетиптир. Байпагы, бут кийими да жок. Жука көйнөгү бар эле ошол менен кетиптир. «Ата, келе жатат» деп жатат. Коркуп калды да. Азыр кызым ооруп жатат. Дене табы көтөрүлүп чыкты. Башына 2 жолу уруптур. Чекеси көгөрүп калыптыр. Ичи ооруп жатканын айтты», — деген атасы.










