Караколдо унаалардын терезесин сындырып, ичиндеги буюмдарды уурдаган шектүүлөр кармалды. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
«9-январда милицияга арыз менен Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Анда белгисиз адамдар Лексус-470 үлгүсүндөгү унаасынын алдынкы оң жак терезесин сындырып, ичинен капчыгын уурдап кетишкенин билдирген. Капчыктын ичинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, 500 доллар, 1000 рубль жана 2000 сом акчасы болгонун айткан. Эртеси, 10-январда милицияга Казак жараны кайрылган. Арызында өзүнө таандык Тойота 4Runner үлгүсүндөгү унаанын оң жак терезесин белгисиз адамдар сындырып, ичинен айдоочулук күбөлүк жана техникалык каттоо күбөлүгү менен бирге барсеткасын уурдап кетишкенин билдирген», — деп жазылат билдирүүдө.
Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, бейбаштык жана тоноо кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн Балыкчынын тургуну жана мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну кармалды. Учурда шектүүлөрдүн Каракол шаарынын аймагында жасаган башка уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги такталууда.