Каракол шаарында өспүрүмдөрдүн урушунан улам бирөөсү денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн. Уруштун уюштуруучулары аныкталып, камака алынды деп Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-апрелде Кашка-Суу кичирайонундагы футбол аянтчасында болгон. Ойноп жаткан балдарга башка балдар келип, бирөөсүн таш менен башка уруп, качып кетишкен. Жаракат алган баланы достору облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткиришкен. Бул факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле жабырлануучу алган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
10-апрелде сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, өспүрүмдөр арасындагы урушуна тиешеси бар адамдар аныкталып, алардын бардыгы шаардык милицияга жеткирилип, тергөө амалдары мыйзам чегинде жүргүзүлгөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шаардык милицияга 8 өспүрүм, өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү менен чакырылып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча сурак жүргүзүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө, уруштун уюштуруучулары аныкталды. Алар Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургундары 16 жаштагы жана 15 жаштагы бала болуп чыгышты. Алар Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 24 саатка киргизилди. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат.









