Бүгүн, 6-июнда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге Кичи-Алай тоолоруна аскердик тик учак кырсыктаган учурда жаракат алган адамдардын абалы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 3 адамдын абалы орто оор деп бааланууда. «Алар ооруканага ар кандай күйүктөр менен түшүшкөн. Калган адамдар Ош облустар аралык ооруканасында жана аскер госпиталында дарыланууда», — деди ал.
Ош облустар аралык ооруканасына Тез жардам кызматы аркылуу тик учактагы 14 адам жеткирилген. Алардын ичинен 5 киши күйүктөр бөлүмүнө, бирөө травматология бөлүмүнө, үчөө нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Калган 5 адам биринчи медициналык жардам алгандан кийин аскер госпиталына которулган.