15-май күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалган жаран өз жанын кыйган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 1991-жылы туулган эркек киши үстүндөгү сырткы кийимин колдонуп, асынып алган. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
«Бул жаран мурда да окшош кылмыштар үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана 2025-жылдын апрель айында Ленин райондук соту анын сотко келбей калуусуна байланыштуу бөгөт чарасын камакка алуу түрүнө өзгөрткөн.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө (уурулук) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, нөөмөт бөлүмүнө жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Сырттан кароо учурунда анын денесинен жаракаттар табылган жок»,- деп айтылат маалыматта.