Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында 7-январга караган түнү белгисиз жарандар жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, бөлмөдө уктап жаткан жубайлардын башына бир нече ирет арматура менен уруп, ичинде ири суммадагы акчасы бар сейфти уурдап кетишкен. Бул тууралуу SEREPTV’га жабырлануучулардын жакындары билдирип, окуя тууралуу айтып беришти.
«Саат түнкү саат 01:00-02:00 чамасы болчу. Келиним менен уулумду арматура менен жыга чаап, сейфти алып кетишти. Милиция келип, аракет кылып издеп жатышат. Уулумду жаткан жеринде эле чапкан деп жатабыз. Анан келиним ызылдай баштаганда аны чааптыр. Абалдары адам чыдагыс болчу. Азыр алар Бишкекте. Экөө тең операция болду», — деди жабырлануучунун атасы.