Көпүрөдөн боюн таштап жиберген кыз. Жигитинин күнөөсү болсо, жоопко тартылат

Кара-Сууда көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыздын туугандарынын эч кимге арыз-дооматы жок. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон кыздын туугандары эч кимге арыз-дооматы жок экенин айтып, сөөгүн алып кетишкен. Бирок бул кылмыш иши жабылды дегенди билдирбейт.

«Кыздын өзүн-өзү өлтүрүүгө баруусунун себебин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал кыздын боюнда бары-жогун, жигити аны бузуп койгонбу же жокпу, ошонун баарын тактап чыгышы керек. Негизи бул факты боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Жигитинин үй-бүлөсү бар экени айтылып жатат, бирок юридикалык жактан тактала элек. Кыз каза тапкан күнү эле ал жигит келип көрсөтмө берди. Курбу кызы дагы, куткарууга аракет кылган балдар дагы көрсөтмө берип кетишти. Соттук-медициналык экспертиза чыккандан кийин бул окуяга юридикалык баа берилет. Жигиттин күнөөсү болсо, жоопко тартылат», — дешти басма сөз кызматынан.

25-март күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында 26 жаштагы кыз «тарзанкадан» боюн таштап каза тапкан. Кийин анын бул кадамга баруусуна жигити менен уруша кеткени себеп болгону айтылган. Айрым ЖМКлар жигитинин үй-бүлөсү бар экенин жазып чыгышкан эле.