Раззаков шаарындагы жалпы аянты 0,31 га жер тилкесин мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти, ал жерде мурда коомдук мончо комплекси иштеп турган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«2000-жылы Раззаков шаары, Додосян көчөсү, №77 дарегинде жайгашкан коомдук мончонун имараты жанаша жайгашкан жалпы аянты 0,31 га жер тилкеси менен жеке ишкер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген. Андан кийин Раззаковдогу коомдук мончонун имараты өз максатына ылайык пайдаланылбай, кийин имарат бузулуп, иштебей калган», — деп жазылат билдирүүдө.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча азыркы кожоюн өз ыктыяры менен Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын балансына коомдук мончонун жер тилкесин өткөрүп берди.